Ошто бир катар жетекчилерге катуу сөгүш жана эскертүү берилди

Ош облусунда бир катар жетекчилерге катуу сөгүш жана эскертүү берилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июлда өткөн коллегиялык жыйында Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн биринчи жарым жылдык жыйынтыктары каралып, бир катар жетекчилердин ишине баа берилген. Жыйынтыгында бир катар жетекчилерге чара көрүлгөн:

  • Ноокат районунун акими Э. А.Чакибаевдин иши өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу иши жетишсиз деп табылган;
  • Өзгөн районунун биринчи орун басары А.Р. Дүйшеевге инвестициялык карта жана стратегиялык план иштелбегендиги үчүн эскертүү берилген;
  • Араван районунун биринчи орун басары А.И. Ахматовго мамлекеттик тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн катуу сөгүш жарыяланган;

Ошондой эле билим берүү тармагындагы жетишпестиктер үчүн:

  • Жети райондун (Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай) акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары талаптагыдай камсыз кылуу чараларын көрбөй, айрым кемчилдиктерге жол берип, жетиштүү деңгээлде иш алып барбагандыктары белгиленген.
  • Алты айыл өкмөт башчысынын жана бир шаар мэринин орун басарынын иши жетишсиз деп бааланган.
  • Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин иши жетишсиз деп бааланган жана район жетекчилерине эскертүү берүү сунушталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан