Эртең, 10-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору тарабынан маалымдалды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 … +1, күндүз +4 … +9,
Талас облусунда түнкүсүн -3 … +2 , күндүз 0 … +5,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -4 … +1, күндүз +6 … +11,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1 … -6, күндүз +3 … +8,
Нарында түнкүсүн --5 … -10 , күндүз -1 … +4.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1 … -3 , күндүз +7 … +9.