15-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 15-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Ал эми күндүз Чүй, Талас облустарында, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Кээ бир жерлерге туман түшөт.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2 +3, күндүз +5…+10;

Талас облусунда түнкүсүн -4… +1, күндүз +3…+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0… +5, күндүз +9….+14,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7,

Бишкек шаарында 15-ноябрда түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +7…+9 жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан