Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 82,5 миң доза вакцина сатып алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, препарат аймактарга жөнөтүлүп, эмдөө иштери башталды.
"Биринчи кезекте вакцинация медициналык кызматкерлерге, көп ооруган балдарга, тубаса дарты бар жарандарга жана 65 жаштан жогоркулар менен кош бойлуу аялдарга жасалат", - деп айтылат маалыматта.