Тажикстандын агрессиясынын кесепетинен жабыр тарткан Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын 19 миллион 370 миң сом насыясы жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Финансы-кредит уюмдарына 443 карыз алуучу кайрылган. Алардын ичинен 19 миллион 370 миң сом суммасында 280 насыя эсептен алып салынган, 28 миллион 836 миң сом суммасында 138 насыя реструктуризацияланган", - деп айтылат Улуттук банктын маалыматында.
Азыркы тапта мекемелер түшкөн арыздарды изилдеп, банк мыйзамдуулугуна жараша чечим чыгаруусун улантууда.