Камчыбек Ташиев чек ара тууралуу: "Бизди эл көйгөйдү чечүү үчүн алып келген"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча үн катты.

Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилгенин, эми президенттер кол койсо зым тосмолорду орнотуу башталарын айтты.

"Буга чейин деле канчалаган президенттер өттү. Союз маалында деле, Союздан кийин деле көптөгөн биздин жакшы жетекчилер өттү. Бирок алар Кыргызстан-Өзбекстан чек ара маселесин чече алышпады. Ар түрдүү, анын ичинде саясий-экономикалык тоскоолдуктар болуп калды же кимдир-бирөөнүн эрки жетпей калды.

Кечээ деле биз ушул маселени өткөзөрдүн алдында кыйын болуп жаткан жигиттерден 5-6оо келди. Мага да келди, президентибизге дагы барды. Алар "Ушуга тийбей эле койбойсуңарбы, эмне кыласыңар башыңарды оорутуп. Кийинки келгендер чечип алсын. Унчукпай эле таштап койгула, эмне кыласыңар жаман-жакшы көрүнүп" деп айтышты. Биз "Чечишибиз керек" деп айттык. Мамлекеттин көйгөйүн чечишибиз керек, бизди эл чечүү үчүн алып келген. Мамлекеттин пайдасына кыргыз-өзбек чек арасын чечип алдык", - деди Камчыбек Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Samash-87
2022-11-19 09:58:00
Бизди эле чечүү үчүн алып келген, деген сөздү кандай түшүнсө болот?
+1
orun
2022-11-19 11:41:00
Бизди эл көйгөйлөрдү чечүү үчүн алып келген деп жазайын деген го. Чынында темасы түшүнүксүз болуп калган.
0
Antiradikal11
2022-11-20 16:48:00
Элдин кайсы койгойун чечип жибердин, ошону айтчы? ондоп жуздоп УКМК имараттарын кургандан башка эмнени кыйратып жатасын? Чон чон ири завод-фабрикаларды куруп миндеген, он-жуз миндеген жаны жумуш орду тузулуп, тышка агылган мигранттардын бир болугу кайра Мекенибизге кайтып, мигранттар саны азайса, элдин жашоо турмушу онолсо айтсан болот эле, биз элдин койгойун чечип жатабыз деп. Тышкы миграция олкодогу жакырчылыктын кузгусу!
+2
Antiradikal11
2022-11-20 16:50:00
Сатышыбыз керек, саттык деп айтсан сен. Сен сатып чечип жатасын чек араны. Кемпирабадды саттын. Эми Баткенди сат. Окшобой калса колтунундун жунун сат. Саткын!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан