“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалым болгондой, азырынча жараяндын күнү белгилене элек.
Эске салсак, “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу Теңгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрда кармалган. Анын мамлекетке 1 миллиард 146 миллион 449 миң 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.
Башкы прокуратура Бөлтүрүк тарабынан келтирилген зыян төлөнгөнүнө байланыштуу аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Ал 30-апрелде Октябрь райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.