Жогорку сот Фархат Исмаиловду мандаттан ажыратууну мыйзамдуу деп тапты

Жогорку сот Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловду мандаттан ажыратууну мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 31-октябрда Жогорку соттон тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-октябрда Жогорку сотто БШК мандатынан ажыраткан Фархат Исмаиловдун арызын карап, биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду жасалма диплом алган деген негиз менен мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган.

Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Ал эми Бишкек шаардык соту буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан