Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды аба ырайына байланыштуу коомдук муниципалдык транспортко өтүүгө чакырат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы учурдагы аба ырайына байланыштуу шаардыктарды коомдук муниципалдык транспортко которууну сунуштайт. Бул сунуш транспорт кырсыгынын жана мүмкүн болуучу жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында демилгеленген.
Ошону менен бирге борбордук коомдук транспорт шаардыктарды штаттык режимде таңкы саат 5:00дөн түнкү 23:30га чейин тейлейт", - деп билдиришти мэриядан.
Саат 09:00гө карата линияда 114 троллейбусу, 396 автобус, "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынан" 276 автобус, "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧК тарабынан 110 жеке автобус жана "Аламүдүн Авто Транс" МИнин 5 автобусу кызматта.
Мындан тышкары, шаар боюнча 634 микроавтобус иштейт. Зарыл болгон учурда линияга дагы кошумча автобустар жана троллейбустар чыгарылат.