Депутат Атазовдун шайлоо компаниясында иштеген делген эки адамга карата сот өкүмү чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун шайлоо компаниясында иштеген делген эки адамга Бишкектин Свердлов райондук соту өкүм чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 26-декабрда шаардык соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук сот 21-декабрда К.А.О. жана М.У.А. аттуу эки жаранды Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, экөөнө тең 100 миң сомдон айып пул салган. Ушул эле берене менен айыпталган Ж.К.К. аттуу дагы бир шектүүнүн иши Свердлов райондук сотунда 15-январда каралат.

Эске салсак, ноябрь айында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып, Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча маселе жаралганын, анын тарапташтары делген бир нече адам күч органдарына суракка чакыртылганын жазып чыгышкан. Атазов да шайлоодо ага тарапташ болгон адамдар милициянын тергөө абагына үч-төрт саатка камалып, кыйноого кабылганын, кармалган адамдар ага тиешеси жок экенин айтып чыккан. Өзү УКМКга сурак берген.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, болуп жаткан окуялар тууралуу аларга “туура эмес маалымат” жеткирилип жатат деп билдирип, кабыл алуусун суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан