Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди

Жогорку Кеңеште депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн, 9-январда эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алды. Эми ал жалпы депутаттардын кароосуна киргизилет.

Буга чейин жыйын Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жабык өтүп жатканы маалым болгон.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура былтыр 27-декабрда Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратуранын сунушун окуп, Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатканын айткан.

Төраганын сунушунун негизинде парламентте Эмил Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоого уруксат берүү маселесин териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Эртеси комиссиянын курамына өзгөрүү кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан