"Камабайбыз". Камчыбек Ташиев Эмил Жамгырчиевдин өзү келүүсү керектигин айтты (видео)

Бүгүн, 10-январда парламенттин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлү Эмил Жамгырчиев камалбай турганын, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин билдирди.

"Бул оор кылмыштардын катарына кирбейт. Бул кылмыштар менен биз өз жарандарыбызды эч качан камаган эмеспиз. Жөн гана тергөө жүргүзөбүз, сотко жөнөтөбүз. Соттон айып пул же пробация алат. Жамгырчиевди камайын деген оюбуз болгон жок. Кечээ экинчи этаждан секирип, качып кетип калыптыр. Бул эмне деген жорук? Бир жыл тергөө кылдык. Сот чечим кабыл алат. Биз депутатты камап не кылабыз? Азыр да бир жакта качып жүрөт. Качпай эле келсин. Кармабайбыз, камабайбыз", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура былтыр 27-декабрда Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунушун окуп, Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатканын айткан.

Төраганын сунушунун негизинде парламентте Эмил Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоого уруксат берүү маселесин териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Эртеси комиссиянын курамына өзгөрүү кирген.

Бирок учурда депутаттын кайда экени белгисиз. Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берилгенден кийин УКМКнын тергөөчүлөрү ага чакыруу кагазын берүүгө аракет кылганда, Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткени айтылган.

41 жаштагы Эмил Жамгырчиев парламенттеги “Альянс” фракциясынан депутат. Ал буга чейин өзүнө тагылган айыпты четке кагып, муну "саясий куугунтук" катары баалай турганын билдирген.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан