Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди 

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар эл өкүлү Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди.

Анда каттоодон өткөн 81 депутаттын 69у макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура былтыр 27-декабрда Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратуранын сунушун окуп, Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан