Ташиев Эмил Жамгырчиев "Салимбай Байбачага" өз колу менен кат жазганын айтып, катты окуп берди

Бүгүн, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эмил Жамгырчиев Өзбекстандагы кримавторитет Салим Абдувалиевге ("Салимбай Байбача") өз колу менен кат жазганын айтып, катты окуп берди.

"Салимбай ака, Салимбай ака, сиз бүт жерди карап турасыз, Орто Азия баарыбыз баш ийебиз. Биздин 30 жыл тарыхыбыздагы президенттер Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков азыркы президент Жапаров бардыгы сиздин көрөгөчтүгүңүздү, кадыр-баркыңызды жогору баалап, ажолук такка келер астында сизден сөзсүз түрдө бата алып кетип турушкан" дейт. Мына, бул эмне деген маскарачылык. Бүт мамлекетти маскара кылып жатат.

Эч качан кримавторитеттен биздин кайсы бир президентибиз бата алган эмес, албайт дагы", - деди Ташиев.

Учурда депутаттын кайда экени белгисиз. Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берилгенден кийин УКМКнын тергөөчүлөрү ага чакыруу кагазын берүүгө аракет кылганда, Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткени айтылган.

Ташиев Жамгырчиевдин "Салимбай Байбачага" жазган катын окуп берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан