Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин депутат Эмил Жамгырчиевдин Ак үйдүн терезесинен секирип качты делген видео тарады.
Анда депутаттын терезеден секирип түшүп, парламенттин короосунан чуркай качып, тосмодон секирип өткөнүн көрүүгө болот.
Кечээ айрым басылмалар Жамгырчиев кесиптеши Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткенин жазышкан.