Бүгүн, 23-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши жабык эшик артында каралды.
Отурум башталар алдында Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзүнө козголгон ишти "токулган жомок" деп атады.
Кийинки отурум 25-январь саат 14:00дө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда өтөт.
Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров былтыр 2-сентябрда кармалган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген.