Жогорку Сот депутат Фарходбек Алимжановдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды

Бүгүн, 26-январда Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын аны мандатынан ажыраткан чечими боюнча арызын карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу эл өкүлү өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын административдик сотунун 4-августтагы жана шаардык соттун 2-октябрдагы чечими күчүндө калтырылды.

"Бүгүн эл тарабынан мага ишенип берилген мандатым боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин Жогорку Сот күчүндө калтырды. Мандат маселеси ушуну менен аяктады деген чечимге командам менен келип жатабыз. Жаратканым ушундай окуяга туш болууну насип эткен экен. Баары Кудайдын буйругу менен.

Элге кызмат кылууда жанымда болгон ар бир адамга ыраазычылык билдирем! Мени колдогон үй-бүлөмө, командама, партиялаштарыма, кесиптеш болгон эл өкүлдөрүнө, массалык маалымат каражаттарына терең ыраазычылык билдирем", - деп жазган ал.

Ал депутаттык мөөнөтүндө бир катар мыйзам долбоорлорун даярдаганын, өлкөнүн финансылык абалынын турукташуусуна салым кошконуна токтолгон. Мындан сырткары шайлоочулардын мүдөөсүн жогорку трибунада айтып турганын жазган.

"Жалпы депутаттык корпуска ийгилик каалайм! Мамлекеттин жаркын жашоосуна өбөлгө түзүүчү көптөгөн мыйзам долбоорлорун бирге даярдадык. Өлкөнүн финансылык абалы турукташуусуна эбегейсиз салым коштук деп айта алам. Миңдеген шайлоочулар менен жолугуп элдин мүдөөсүн тынбай жогорку трибуналарда айтып турдук.

Бизге кайрылган ар бир жарандын ишин дыкат изилдеп көмөк көрсөтүүгө командам менен чоң аракет кылдык. Көптөгөн маселелер чечилди! Алдыда дагы социалдык тармактар аркылуу байланышта болуп турабыз! Элге кызмат кылууну улантабыз. Биз баштап, бирок аягына чыга албай калган көптөгөн иштер бар. Үй-бүлөмө көбүрөөк көңүл бурам. Спорт жана инсандык өнүгүү менен алектенем. Баары алдыда достор", - деген ал.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Фарходбек Алимжановду диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Ал бул чечимге каршы сотко арызданган. Алгач райондук, кийин Бишкек шаардык соту да анын арызын канааттандырган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан