Мадумаровдун иши боюнча бир катар саясатчылар сотко чакырылды (видео)

Бүгүн, 1-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотко мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов, парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев күбө катары көрсөтмө бериш үчүн келди.

Депутат Масалиев 2022-жылы Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү болгондугун жана анда эмне себептен макулдук беришпегенин түшүндүрүп берүү үчүн чакырылганын айтты.

Белгилей кетсек, 30-январда өткөн жараянда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Нурлан Сулайманов, президенттин иш башкармасынын мурунку биринчи орун басары Эмил Шерматов күбө катары көрсөтмө берген.

Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров былтыр 2-сентябрда кармалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда.

Кийинчерээк 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран милицияга 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылган.

Адахан Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Депутат Исхак Масалиев Мадумаровдун иши боюнча күбө катары сотко чакырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан