Эмил Жамгырчиев үй камагына чыкты

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, сот УКМКнын тергөөчүсүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган.

"Мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлдү", - деп айтылат соттун маалыматында.

Эске салсак, 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Былтыр 27-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен иш козголгон.

10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан