Мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Кабарлангандай, УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылып, сот Жолдошбаевди 19-апрелге чейин камакка алуу чарасын колдонгон.
Эске салсак, буга чейин "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталып, ага ээлик кылган Жолдошбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.