Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды ишке чакырат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, ишканага D категориясындагы айдоочулар талап кылынат. Жаш курагы 21ден 60 жашка чейин болушу керек.
Кызыккан айдоочулар кененирээк маалымат алуу үчүн 0500 040 664; 0553 407 046; 0224 088 585 номерлерине кайрылса болот.