Кытай футбол ассоциациясынын мурдагы төрагасы өмүр бою эркинен ажыратылды

Кытайдын футбол ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Чен Сюйюань коррупцияга айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Сюйюань бул кызматта 2019-жылдан 2023-жылга чейин иштеген.

"Күйөрмандар кытай футболунун деңгээли төмөн экенине макул болушу мүмкүн, бирок алар коррупцияга чыдай алышпайт. Мен бардык кытай күйөрмандарынан кечирим сурагым келет",- деп билдирген Сюйюань.

Чен Сюйюань саясий укуктарынан ажыратылып, анын бардык мүлкү конфискацияланган. Мыйзам талабына ылайык, 81 миллион юань (11 миллион доллар) өлчөмүндөгү мыйзамсыз киреше мамлекеттик казынага которулган.

Белгилей кетсек, коррупцияга каршы мыйзамдар 2012-жылы Си Цзиньпин бийликке келгенден кийин катаалданган. Соңку жылдарда көптөгөн чиновниктер кызматынан ажырап, өмүр бою эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан