Предметтер боюнча Улуттук олимпиаданын IV туруна 125 окуучу өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Белгилүү болгондой, олимпиада 11-марттан 15-мартка чейин математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча өттү. Анын III туруна 541 окуучу катышып, IV туруна 125 окуучу өттү.
Олимпиаданын IV туру 30-марттан 5-апрелге чейин өткөрүлмөкчү.
Белгилей кетсек, олимпиаданын I, II, этаптары онлайн режиминде өттү, III, IV этаптары офлайн режиминде өткөрүлөт.