Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен 79 миллион долларга келишим түздү

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассирдин Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол коюлду.

Касымалиев өз сөзүндө бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында миңдеген муктаж үй-бүлөлөр ипотекалык кредиттөө системасы аркылуу социалдык турак жайга ээ болоорун белгиледи.

"Калкты арзан турак жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп саналат жана мамлекет башчынын көзөмөлүндө", - деди ал.

Мындан тышкары Касымалиев ИӨБдүн жетекчисин "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушунун долбоору менен тааныштырып, Кыргызстан уюштуруп жаткан ушул жылдын июнь айында Вена шаарында өтө турган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды. Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси өз кезегинде "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун каржылоого катышуу маселесин карап чыгарын айтты.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев Эр-Риядга (Сауд Арабия Королдугу) иш сапары менен келген. Сапардын алкагында ал ИӨБ тобунун менеджерлеринин жылдык жолугушуусуна катышат, ошондой эле каржы институттарынын жана эл аралык компаниялардын жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан