Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры апрель айындагы репертуарын жарыялады. Бул тууралуу театрдын социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, спектаклдер саат 18:30да башталат:
11-апрель - Чыңгыз Айтматов, "Кылым карытар бир күн" (драма)
12-апрель- Т.Жуженоглу "Бейтааныш" (драма)
16-апрель - Максим Горький "Түпкүрдө" (драма)
17-апрель -Чыңгыз Айтматов "Ашуу" (драма)
23-апрель - Жалил Садыков, "Эр Төштүк" (комедиялык фэнтези)
24-апрель Каныбек Иманалиев - "Керээз" (драма)
25-апрель - Жан Сарман "Мамурэ" (драма)
27-апрель - М.Касенов "Алда, жаш жубайлар ай!" (комедия)
28-апрель - Мар Байжиев "Кыз күйөө" (драма)