Эртең Ош облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт (Тизме)

Эртең, 28-мартта Ош облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул туурасында "Ош электр тармактар" ишканасынан кабарлашты.
Мындай чектөө күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу экени айтылды.
Маалыматка ылайык, саат 08:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт:
Өзгөн районунун Куршап, Кызыл-Сеңир, Алга айылдарында;

Кара-Суу районунун Чайчи, Алп-Ордо,Коргон,Корок,Талаа, Мады, Каратай, Баш Булак, Ак-Жар, Кызыл-Ордо,Эшме,Миялы, Лянгар,Бекжар,Алгабас,Талдык,Лаглан, Тээке, Кичик, Карван-Кол, Топ-Терек, Зарбалик, Мамажан, Сары-Колот, Дача Кирова, Курбан-Кара, Чагыр, Манас, Беш Мойнок, Торгой-Булак, Жаңы-Будалык, Кызыл-Тал, Кыргыз Чек айылдарында, Ош шаарынын 222,223,224 кварталдарында. 10 кВ Заводская жана 10 кВ Беш Мойнок аба чубалгысынан электр энергия алган кыш чыгаруучу жана таш майдалоочу заводдордо;

Ош шаарынын Төлөнбаев, Аттокуров, Бердибаев, Сасыкбаев, Акчалов, Эсенжанов, Ак-Тилек көчөлөрүндө. Жапалак, Коммунист, 225-квартал, база УСМ.
Мекеме убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан