Бишкекте эл аралык театр күнү белгиленди (сүрөт)

Бүгүн, 27-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында "Эл аралык театр күнү" салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов, жалпы театр ишмерлери жана башкалар катышты.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш- чара алгач кыргыз театрынын тарыхын баяндаган тасма менен башталды. Андан соң, министр Алтынбек Максутов улуу өнөр ээлерин эл аралык театр күнү менен куттуктап, чыгармачылык эргүү жана бекем ден соолук каалады.

Министр ошондой эле, бир театр сезонунун ачылышы өлкөнүн маданий турмушундагы чоң окуяга айланып, жаңы ысымдар атала баштаганы, мамлекет тарабынан театр тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, өз ара гастролдук иш-чаралар, республикалык жана эл аралык фестивалдар, ар тараптуу кароо-сынактар өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары чет өлкөлөр менен байма-бай тажрыйба алмашуулар өтүп, 2023-жылы жаңы кыргыз сахналарында 81 спектакль коюлганы, ал 2022-жылга салыштырмалуу 76,09 пайызга өскөнүн кубануу менен белгилеп өттү.

Салтанаттуу иш- чара шаардагы театр оюн-зоок мекемелери тарабынан даярдалган коюлум менен уланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан