Ысык-Көлгө 5 миллиондон ашык чабактар коё берилди 

Бүгүн, 27-мартта Ысык-Көлгө форель гегаркуни балыгынын 445 миң даана чабактары жана сига-лудога балыгынын 5 миллион 750 миң даана чабактары коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, көлгө чабактарды "Тоң балык өстүрүүчү заводу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери коё берген.

Мындай иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калганы маалымдалды.

"Тоң балык өстүрүүчү заводу" мамлекеттик ишканасына инкубациялоого сига-лудога балыгынын 19,85 миллиондаана уруктанган икрасы жана 720 миң даана Ысык-Көл форель гегаркуни балыгынын икрасы салынган. Икраны инкубациялоо 100-130 градус-күн созулат. Жаңыдан жарылып чыккан балыктын личинкалары жашоого жарамдуу абалга чейин өстүрүлөт" деп жазылат маалыматта

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан