Маратбек Акназаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамкурулуштан бүгүн, 27-мартта билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка 26-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Акназаровду эмгек жамаатка архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов тааныштырды.
Маратбек Акназаров көп жылдык тажрыйбасы бар куруучу, буга чейин Ош облусунун капиталдык курулуш башкармасынын жетекчиси кызматын аркалап келген.