Орусия "Крокуста" каза болгондордун жаңы тизмесин жарыялады. Арасында кыргыз кыздары дагы бар

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Москванын четиндеги "Крокус Ситидеги" терактта каза болгондордун жаңы тизмесин жарыялады.

Жаңыланган тизмеде каза болгон 143 адамдын аты-жөнү көрсөтүлгөн. Алардын арасында кыргызстандык Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн көрүүгө болот.

Буга чейин социалдык тармактарда "Крокустагы" кафеде иштеген эки кыргызстандыктын жоголгондугу тууралуу маалымат тараган. Анда кыздардын 20 жана 24 жашта экени айтылган.

Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын эки жаранынын каза болгондугу тууралуу маалымат берүү эрте деп саналарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан