"Спектакль коюп, мааракемди белгилейм" дейт 60 жашка чыккан актриса Гүлмира Ташматова

Бүгүн, 28-мартта өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти, Бакен Кыдыкеева, Анвар Куттубаева, Сүймөнкул Чокморов атындагы республикалык сыйлыктардын лауреаты, театр жана кино артисти Гүлмира Ташматова 60 жашка чыкты. Актриса айымды туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, кийинчерээк театрда спектакль коюп, 60 жылдык мааракесин белгилей турганын билдирди.

“Эстеп, куттуктаганыңар үчүн чоң рахмат! Туулган күнүмдү алгачкылардан болуп, жыл сайын балдарым куттукташат. Быйыл дагы бул салтты бузбай, түнкү саат 12ден өткөндөн кийин гүл жана “каалаган белегиңизди алып алыңыз” дешип акчалай белек беришти. Негизи мен үчүн айтылган бардык жылуу сөздөр өтө кымбат белек. Анткени жакшы сөздөр көңүлдү сүйүнтүп, жүрөктө калат экен. Эртеден бери социалдык баракчалардан куттуктоолор келип жатат. Баарына рахмат. Мен жеке майрамды шаан-шөкөт менен өткөрбөйм, антип белгилеген деле эмесмин. Бирок быйыл 60ка чыгып жаткандыктан спектакль коюп, мааракемди өткөрсөмбү деп турам. Ал деле жакында эмес, азыркы тапта театрда оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу жаңы жыл алдына мерчемделүүдө", - деди Гүлмира Ташматова.

Театр жана кино артисти Гүлмира Ташматова 1964-жылы 28-мартта Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Тайгараев айылында туулган. 1981-жылы аталган айылдагы орто мектепти аяктап, Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга өткөн. 1983-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап, Ысык-Көл облустук драма театрына ишке кирген.

Гүлмира Ташматованын театрдагы ролдорунун ичинен эң көрүнүктүү чыгармачылык ийгилиги катары “Талант жана тагдыр” драмасындагы кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын ролун атоого болот.

Актриса театрда гана эмес, кино ааламында дагы ролдорду жаратып келет. Алар “Чыңгыз менен Бүбүсара”, “Жараланган турналар”, “Токолдор тополоңу”, “Кыз-жигит”, "Кайненемден кантип кутулам?" жана башка тасмалар.

28-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан