Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Министр өлкөдө бөйрөктү алмаштыруу маселеси жолго салынганын белгилеп, андан бери 10 чакты бейтаптын бөйрөгү алмашылганын билдирген.

"Аларга кеткен чыгымын да мамлекет төлөп берди. Мындан ары дагы бөйрөк алмаштырам деген оорулууларыбызга мамлекет төлөп берет. Азыркы күндө 3 миңге жакын гемодеализде жаткан адамдарыбыз бар. Көпчүлүгү донор табылбай жатат дешүүдө. Донорлор табылса тез-тез алмаштырып берип гемодеализден чыгарып жиберсек жакшы болот эле.

Боору ооругандар жана жилик чучугун (костный мозг) алмаштыруучулар үчүн президент “Операцияларды өзүбүздөн жасаганды ишке ашыргыла” деп тапшырма берди. Кудай буюрса, майдын аягында биринчи жолу өзүбүздө боор жана жилик чучугун алмаштырууну пландап жатабыз. 15 кишини боор алмаштырууга даярдап жатабыз.

Жилик чучугун алмаштырууга 4 кишини даярдап жатабыз. Бул операцияларды жасоого кеткен чыгымды дагы мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров өзүнүн демөөрчүлүк фондунан бөлүп берем деди. Тагыраагы, бейтап донорду өзү табат. Операцияга кеткен чыгымды президент төлөп берет.

Буга чейин боорду чет өлкөгө барып алмаштырып келишчү. Мисалы, Индияда боор алмаштырыш үчүн 55 миң доллар. Түркияда болсо 75-80 миң доллар. Ал эми жилик чучугун алмаштыруу үчүн чет өлкөлөрдө 130 миңден 160 миң долларга чейин турат.

Гемодеализде жаткан оорулуулардын туугандарына кайрылам, колуңардан келсе жакындарыңарга бөйрөк боюнча донор болуп берүүңөрдү суранат элем", - деди Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан