Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.
Ага ылайык, шамал катуу болгон аймакта тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
ӨКМдан кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.