Бишкектеги "Алай" кафесине 17 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы Некрасов жана Алтымышов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Алай" кафесине 17 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде муниципалдык инспекциянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кафенин ээси Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпка жыгылды.

Буга чейин белгисиз жаран кафенин жумушчусу көрктөндүрүлгөн жерге таштанды таштап жатканын видеого тартып, социалдык тармактардын бирине жарыялаган.

Инспекторлор бул факты боюнча ыкчам иш алып барып, кафенин администрациясына чара көрүштү. Алар кетирген кемчилигин моюнуна алганы жана мындан ары көрктөндүрүү эрежелерин бузбай турганын билдиргени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан