Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт

Бишкекте 23-26-апрель күндөрү “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара быйыл 12-ирет өткөрүлүүдө. Анда көрүүчүлөрдүн назарына КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн мыкты тасмалары тартууланат.

Ал Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, жогорку категориядагы анимациялык фильмдердин режиссёру Сагынбек Ишеновдун 90 жылдыгына арналат.

Быйыл фестиваль эл аралык жана улуттук программаларын камтып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн тандалып алынган 12 тасма катышат.

“Сынак кыргызстандыктардын гана эмес, коңшу өлкөлөрдүн кино сүйүүчүлөрүнүн да көңүлүн бурууга жетишти. Анын дагы бир маанилүү милдети — КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө, кинодолбоорлордун алкагында кызматташтыкты арттырууга өбөлгө түзөт”, - деп белгиленет билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан