Оман өлкөсүндө акыркы эки күндө нөшөрлөгөн жаандан улам сел каптаган аймактарда кеминде 18 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматтарга караганда, көз жумгандардын 10у окуучу балдар. Алар отурган автобусту ташкын суу агызып кеткен.
Өкмөт катуу шамал, чагылган жана мөндүр жааган аба ырайы 18-апрелге чейин уланарын кабарлады.
Ал эми Бириккен Араб Эмираттарында да нөшөрлөп жаан жаап жатат. Мындан улам дүйнөдөгү жүргүнчү эң көп каттаган Дубай эл аралык аба майданы ишин токтотуп, иш-чаралар өлкө боюнча кийинки күндөргө жылдырылууда.
Суу шаардын жолдорун жана метролорду каптап, мектептер жана мамлекеттик органдар аралыктан иштеп жатат.
Жергиликтүү тургундарга зарылчылык болбосо көчөгө чыкпай коё туруу керектиги эскертилди.