Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды (сүрөттөр)‎

Бүгүн, 17-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Шамалды-Сай шаарында жайгашкан Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгындагы чек арачыларына 67 батирлүү жаңы үйдү пайдаланууга берди. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Камчыбек Ташиев кызматкерлерге көп кабаттуу турак жайдын ачкычтарын тапшырып, аларды үйлүү болушу менен куттуктады.

"Мамлекетибизде президентибиздин тапшырмасы менен ушул сыяктуу курулуштар, аскерлердин жашоо шартын, материалдык-техникалык базаларын чыңдоо аракеттери мындан ары да кызуу уланат. Ошол эле учурда, аскерлерге коюлган талаптар дагы күчөтүлөт. Өз милдеттериңерди так жана берилгендик менен аткарышыңар керек", - деди ал.

Батирлердин бир бөлүгү өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана башка мекемелердин кызматкерлери үчүн бөлүнгөн.

Мындан тышкары, аталган башкармалыктын толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн имараты да ачылды. Анда кызмат үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Ошондой эле чек арачылар үчүн алынган 25 жаңы атайын аскердик техникалар берилди. Заманбап үлгүдөгү унаалар өлкөнүн түштүк аймагындагы чек ара бөлүктөрүнө таратылууда.

Ачылыш аземинин жүрүшүндө Баткен окуяларында каза болгон аскерлер үчүн куран окулуп, алардын эстеликтерине гүл коюлганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан