Алпаруучу Айзада Жамгырчиеванын сөйкө салуу аземи Таласта өттү. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилүү болгондой, алпаруучуга сөйкө 13-апрелде салынган.
"Жашоомдун жаңы баракчалары", - деп жазды ал.
Анын катталуучулары ага бакыт тилеп, жакшы каалоо-тилектерин жазышууда. Арасында Жамгырчиеванын Ошко келин боло турганын жазгандары да бар.