Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан энергетика тармагын бириктирет

Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда Казакстандын, Азербайжандын жана Өзбекстандын энергетика министрликтеринин жетекчилери республикалардын энергетикалык системаларын интеграциялоо боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Казакстандын Энергетика министрлиги меморандумдун максаты үч өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирүү долбоорун ишке ашыруу үчүн негизги шарттарды түзүү экенин түшүндүрдү.

"Кол коюлган меморандумдун максаты - Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетикалык системаларын бириктирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында кызматташуунун негизги шарттарын аныктоо", - деп түшүндүрдү ведомство.

Документ Каспий деңизинин түбүн бойлото жана башка мамлекеттердин аймагы аркылуу тартыла турган жогорку вольттогу кабель аркылуу энергетикалык системаларды бириктирүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү карайт.

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев белгилегендей, буга чейин Каспий деңизинин түбүн бойлой кабель тартуу боюнча техникалык спецификациянын долбоору түзүлгөн. Техникалык тапшырмалар ошондой эле Евробиримдиктин өлкөлөрүнө жашыл энергияны сатууну камтыган эл аралык электр энергиясын өткөрүү коридорлорунун бизнес моделин иштеп чыгууну камтыйт.

"Техникалык тапшырманын алкагында эл аралык электр өткөргүч коридорлорун өнүктүрүү (каржылоо, киреше агымы жана ээлик кылуу) жана жашыл энергияны Европа биримдигинин өлкөлөрүнө сатуу боюнча сунушталган бизнес модели иштелип чыгат", - деп белгиледи Саткалиев.

Министр долбоорду ишке ашыруунун негизги ыкмалары буга чейин макулдашылганын кошумчалады.

2023-жылдын ноябрь айында Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан Европага жашыл энергияны экспорттоо боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашкан. Андан соң өлкөлөр энергия алмашуу жаатында кызматташуу боюнча техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту түзүшкөн, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарына өзгөчө көңүл бурулду. Бул кызматташтык жашыл водородду, жашыл аммиакты иштеп чыгууну жана экспорттоону жана зарыл инфраструктураны түзүүнү камтыйт.

Белгилей кетсек, эл аралык инвестициялык форумга 93 өлкөдөн 2,5 миң катышуучу келген. Иш-чарага Акылбек Жапаров баш болгон Кыргызстандын делегациясы дагы катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан