АКШ Палестинаны БУУнун толук укуктуу мүчөсү деп таануу боюнча резолюцияга каршы чыкты

Америка кошмо штаттары БУУнун Коопсуздук кеңешинин Башкы ассамблеясына Палестина мамлекетин дүйнөлүк уюмга толук кандуу мүчө катары кабыл алууну сунуш кылган резолюция долбооруна вето койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, кечээ, 18-апрелде өткөн жыйында Коопсуздук кеңештин 12 мүчөсү, анын ичинде Орусия менен Кытай Алжир сунуштаган документти кабыл алуу үчүн добуш беришти. Улуу Британия менен Швейцария калыс калды, ага АКШ гана каршы чыкты.

"Кошмо штаттар эки мамлекеттүү чечимди бекем колдоону улантууда. Бул добуш берүү Палестинанын мамлекеттүүлүгүнө каршы чыгууну чагылдырбайт, бирок ал тараптардын түз сүйлөшүүлөрү аркылуу гана ишке ашарын моюнга алуу керек", - деди АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Роберт Вуд добуш берүүдөн кийин.

Палестинанын улуттук администрациясынын башчысы Махмуд Аббас БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги АКШнын ветосун "адилетсиз, этикага туура келбеген жана негизсиз" деп айыптады. Анын айтымында, бул дүйнөлүк уюмга Палестинанын толук кандуу мүчөлүгүн бекем колдогон эл аралык коомчулуктун эркине карама-каршы келет.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац АКШнын вето укугун колдонуусун кубаттады. "Бул уятсыз сунуш четке кагылды. Терроризмге сыйлык берилбейт", - деди тышкы иштер министри.ал эми беш туруктуу мүчөнүн бири – АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Улуу Британия - вето укугун колдонуш керек. Эгерде бул шарт аткарылса, арыз БУУнун Башкы ассамблеясынын добушуна коюлуп, жок дегенде мүчөлөрдүн үчтөн экиси колдош керек.

Алгач Палестинанын БУУга мүчөлүккө кабыл алуу өтүнүчү дүйнөлүк уюмдун Коопсуздук кеңешинин позициясынан улам 2011-жылдын ноябрь айында четке кагылган. Кийинки жылы БУУ АКШнын каршылыгына карабай палестиналыктарга байкоочу статусун берген. БУУга мүчө 193 өлкөнүн 139у Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан