"Этият болууга чакырабыз". Бишкектеги жылуулук түйүндөрү текшерилет

22-апрелде Бишкектеги жылуулук түйүндөрүндө пландуу гидравликалык сыноолор жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы билдирет.
Маалыматка ылайык, жумуш төмөнкү аймактарда жүргүзүлмөкчү:
  • шаардын борбордук жагынан түндүктү карай Лев Толстой көчөсү боюнча ЖЭБден баштап Курманжан датка көчөсүнө чейин ("Мадина" базары),
  • темир жолду бойлой ЖЭБден Ибраимов көчөсүнө чейин,
  • Шабдан баатыр проспектиси боюнча Достев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүн чейин,
  • Чүй проспектиси боюнча 7-Апрель көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин,
  • Ибраимов көчөсү боюнча Чүй проспектисинен темир жолго чейин;
  • шаардын түштүк жагында (Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча темир жолунан Кулатов көчөсүнө чейин.
"Регламентик сыноолорду өткөрүү жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн зарыл, сыноолорду жүргүзүү учурунда түтүктөр жарылып, жолдордун катмарынын бузулушу жана жылуулук тармактарынын аймагында жайгашкан аймактарды суу каптап кетиши мүмкүн.
Ушул себептен, жарандарды жана транспорт каражаттарынын айдоочуларын жолдордо этият болууга чакырабыз", - деп билдиришти мекемеден.
Жолдордогу жыртыктар жана бузулуулар байкалган учурда төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын диспетчердик кызматына - 56-85-58,

Керектөөчүлөрдү колдоо борборуна - 61-11-69, 198,

(Кыргызтелекомдон), 0557 611-166, 0777 611-166, 0-701-611-166.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан