"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына жол жумушчулары керек. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.
"Толук маалымат алуу үчүн иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Орозбеков көчөсү, 259а дарегине, же төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 0555 888 243, 0312 371 743", - деп айтылат маалыматта.