Дайырбек Орунбеков Жусупбек Коргонбай уулунун мандаты боюнча билдирүү жасады

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын өз каалоосу менен тапшырганын айтты.
Ал бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына жазып, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аны башка нукка буруп жатканын билдирди.
"Буга чейин эл өкүлү менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайым айтышканын, президент министрди коргоп чыкканын мисал кылып анын мандатын тапшыруу себебине саясий боёк беришүүдө. Депутат Коргонбай уулунун мандатын тапшырганына министр Бейшеналиев экөөнүн ортосунда жаралган маселенин эч кандай тиешеси жок.
Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин дагы, мындан ары дагы боло берет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү - өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу, Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатактарына такыр тиешеси жок", - деп жазган Орунбеков.
Эске салсак, кечээ, 23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан