Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айрым айылдарда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел каптаган. Бул боюнча ӨКМ бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Билдирмеге ылайык, кечээ саат 18:30-19:30 чамаларында жааган жаандан Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылында 11 үйдүн чарбагын, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолунун 3-чакырымына кум-шагыл аралаш сел суулары жүргөн.
"Мындан улам унаалардын каттоосуна кыйынчылык жаралган. Ал эми Кара-Суу айылынын Бөктөр тилкесинде Топ-Жаңгак – Кара-Суу унаа жолунун 3-чакырымы, Кызыл-Туу айылындагы Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолу, Жаңы-Айылда 1 турак үйдүн чарбагы, ички чарбалык жолу кум-шагыл аралаш селге толгон", - деп жазылат маалыматта.
Селдин кесепеттерин жоюуга облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, 3 куткаруучу, 1 мотопомпа, Кара-Камыш айылынан 1 жүктөгүч, 5 кызматкер, №12 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды.
ӨКМ сел кесепеттерин жоюу иштери туурасында кошумча маалымат берилерин кошумчалады.