Эртең, 25-апрелде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19… +24,
Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз + 13…+18.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +21… +23 градус болот.