Май майрамдарына карата Калкты тейлөө борборлорунун графиги 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги май айындагы майрамдарга байланыштуу Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) жана Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнүн (РАБ) иш графигин жарыялады.
"Майрам жана дем алыш күндөрүн эске алуу менен керектүү документтерди алдын ала толтурууга жана алууга кам көрүүнү сунуштайбыз", - дешти министрликтен.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Калкты тейлөө борборлорунун жана Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрү штаттык режимде түшкү тыныгуусуз иштейт:
  • 6-7-8-майда саат 8:00дөн 18:00гө чейин,
  • 10 жана 11-майда саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Ошондой эле Бишкектеги 2 кичи калкты тейлөө борборлорунда ID жана жалпы жарандык паспортторду алса болот.
Бишкек шаарындагы кичи КТБлардын даректери:
  • “Глобус-ЖЭБ” кичи КТБсы, Чүй проспектиси, ЖЭБдин маңдайында.
  • “Азия” кичи КТБсы, Садырбаев көчөсү, 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет).
Бишкек шаарындагы кичи КТБлардын иштөө графиги:
  • 3, 4, 7, 8, 10, 11, 12 май - иш күндөрү, 10:00дөн 19:00гө (түшкү тыныгуу 14:00-15:00) чейин;
  • 4-май - иш күнү, саат 10:00 дөн 18:00 гө чейин;
Ал эми 1, 2, 5, 6, 9-май дем алыш күндөрү болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан