Сузак районуна да өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ӨКМден билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, райондун Барпы, Кызыл-Туу жана Сузак айыл өкмөттөрүндө сел жүргөн. Мындан сырткары Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуулук жараткан.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын инженердик техникалар тартылып, сел каналдарда тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Эске салсак, кечээ, 23-апрелде Талас районуна, 22-апрелде Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан