Орусиянын Оренбург облусуна "Жардам кебенин" жеткирген куткаруучулар сыйланды 

Орусиянын Оренбург облусунун вице-губернатору Сергей Балыкин Кыргызстандын атынан гуманитардык жардам жеткирип барган ӨКМдин кызматкерлерине ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сергей Балыкин эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиленин тарыхына токтолуп, айрыкча кыргыз элин меймандос, кыйынчылыкта жардамга кол сунууга дайым даяр турган чыныгы бир тууган, бекем кызматташтыктын үлгүсүн көрсөткөн эл катары баса белгиледи.

"Мындан сырткары "Жардам кербенинин" экинчи бөлүгү барган облустун Орск шаарынын башчысынын атынан ыраазычылык кат ӨКМдин кызматкерлерине жана жүк ташуучу унаанын айдоочуларына тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан Оренбург облусунун элине 350 тонна гуманитардык жардам көрсөттү. 20 унаадан турган "Жардам кербенин" өлкөнүн ӨКМи жеткирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан