Кыргызстан менен Малайзиянын кызматташтыгы тууралуу маселелер талкууланды

Кыргызстандын элчиси Анвар Анарбаев Малайзия парламентинин сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ага ылайык, эки өлкөнүн парламентарийлеринин, анын ичинде спикерлердин деңгээлинде сапар алмашуу боюнча биргелешкен ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

"Ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы “достук топторунун” алкагында өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан