Эртең менен Нарындын Куланак айылында сел жүрдү

Бүгүн, 26-апрелде Нарын облусунун Нарын районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 9:30 чамасында Учкун айыл аймагынын Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жериндеги кырдаалды билүү үчүн райондун акиминин орун басары, ӨКМнын Нарын райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу бөлүмүнүн улук офицери жерине чыгып кетишти.

Сел тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан